23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Кыргыз тилде бабам Манас сүйлөгөн” аттуу салтанаттуу иш-чара ТалМУда  болуп  өттү. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, Эл мугалими Б.Исаков, КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси  А.С.Озокеева куттуктоо сөз сүйлөшүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ТалМУнун окутуучулары Т.Бейшебекова менен Т.Айталиевага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси салтанаттуу тапшырылды. Ошондой эле облустук мекеме-уюмдардын кызматкерлерине да сыйлыктар тапшырылды. ТалМУда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө  кошкон салымдары үчүн А.Атыканова, М.Раева, Т.Ташманбетов, Н.Алтыкеева, Б.Жоробекова өңдүү  окутуучулар ардак грамоталар менен сыйланышты. Андан соӊ иш-чара мамлекеттик тил күнүнө  арналган жогорку деӊгээлдеги көркөм-маданий программа менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык шаӊ тартууланды.

 

3 Comments

  1. Кесиптештердин сыйлыктары кут болсун.Ишерине чыгармачылык ийгилик,чын ден соолук каалайм.

  2. Кесиптештердин сыйлыктары кут болсун.Иштерине чыгармачылык ийгилик,чын ден соолук каалайм.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*