17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнү

17-ноябрь Эл аралык студенттердин күнүнө карата “Мекенди сүйүү – мамлекеттик тилди сүйүүдөн башталат” деген ураандын алдында тамашоу боюнча таймаш болду. Окуу жана илимий иштер боюнча проректор М.С.Тургунбаев окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери үчүн ТалМУнун ардак грамотасы менен алдыңкы студенттерди сыйлады. Андан соң тамашоунун шарты боюнча командалар саламдашып, калыстардын суроолоруна жооп беришип, капитандар бири-бирине суроо узатышып, үй тапшырмасын көрсөтүштү. Жыйынтыгында табият таануу жана педагогика факультетинин тамашоу командасы 1-орун, гуманитардык факультеттин командасы 2-орун жана колледждин командасы 3-орунга ээ болушуп, акчалай сыйлык жана грамоталар менен сыйланышты.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*