ТалМУнун бүтүрүүчүсү, жаш акын Акбар Жанышбековдун “Жолуккум келет сага” аттуу поэзия кечеси

2017-жылдын 24-октябрында Талас мамлекеттик университетинин жыйын залында аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү, жаш акын Акбар Жанышбековдун «Жолуккум келет сага» аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары жана анын ырлары боюнча поэзия кечеси болуп өттү. “Өз тилинде, өз мекениңде көлкүп ыр окугандан өткөн ырахат болбос” деп жаш акын айткандай, ырларында жаштыктын деми, таза сүйүүнүн илеби жыттанган ырларынан көркөм окулду. Кечени ТалМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.д. С.С.Жумалиев ачып, университет өзүнүн Акбарга окшогон таланттуу, белгилүү бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанарын баса белгиледи. Андан соң кыргыз элине таанымал таластык акын-жазуучулар жаш акынга болгон өз каалоо-сунуштарын айтышып, баталарын беришти. Кыргыз эл акыны Элүүбай Отунчиев жаш акынга элетте жүрүп элге жаккан чыгармаларды жаратууга болорун айтса, КРнын Жазуучулар союзунун Таластагы филиалынын төрагасы Эрмек Үмөтов чыгармачылыгын мындан дагы өркүндөтүү үчүн Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунан билим алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле акындын айылдаш туугандары, айыл аксакалдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева жаш акынга куттук айтышты. Бул кечеге университеттин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулары менен студенттери активдүү катышып, кечеге катышуучулардын арасынан дагы жаш акынга жакшы каалоо-тилектер айтылып, мындан аркы анын чыгармачылык ишине ийгиликтер кааланды.

Прокрутить вверх