Экскурсия сабак

2018-жылдын 9-июнь куну тарых илимдеринин кандидаты,  доцент  Жусупова Моймол Молдобековна география, педагогика, математика, айыл чарба адистигинин 2-курсунун студенттерине теориялык билимдерин практика жүзүндө көрсөтүү максатында Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексине экскурсия сабакка алып барып келди. Музейден «Манас» эпосу тарыхый-этнографиялык булак экенин, Орхон-Енисей жана Талас  жазуулары тууралуу кеңири маалымат алып кайтышты. Өзгөчө археологиялык-этнографиялык музейдеги Ак-Дөбө-2 шаарчасынан табылган заттык буюмдар, күмбөздүн тарыхы кызыгууну туудурду.
Бизге белгилуу манасчы Камил Мамадалиев жолугуп, студенттердин окууларына ийгилик каалады. «Мен да Талас мамлекеттик универитетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөм. Жакшы окусанар эле, бардык ийгиликтерге жетишесинер» деген каалоосун билдирди. Экскурсия сабак абдан кызыктуу өтүп, студенттер эң жакшы маанай менен кайтышты.

Прокрутить вверх