Ачык эшиктер күнү

27-апрелде Кыргыз республикасы боюнча кесипке үндөө күнүнө карата ТалМУда «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасы өтүп, шаардык орто мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты.
ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов билимге умтулган жаштар үчүн университеттин эшиги дайыма ачык экендигин билдирди. Айрыкча бул жерде эл аралык стандарттын деңгээлинде билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин дагы баса белгилеп айта кетти.
Университеттин жыйындар залында бүтүрүүчүлөрдү факультеттин декандары, окутуучулар тосуп алышып университет тууралуу кеңири маалымат беришти. Жалпы маалымат алгандан кийин, коноктор университеттин кабыл алуу комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Аталган иш-чарага ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, окуу жана илимий иштери боюнча проректору М.С.Тургунбаев жана ар бир факультеттин декандары катышты.

Прокрутить вверх