7-апрель Талас мамлекеттик университетинде Апрель элдик революциясынын 8 жылдыгын белгилөө жана 7- апрель окуяларынын тарыхый маанисин жаштарга түшүндүрүү максатында “Апрель элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси” аттуу илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Мураталиев, Талас шаарын мэри А. Жусупбеков жана апрель элдик революциясынын баатыры үй-бүлө мүчөлөрү жана университеттин окутуучулары менен студенттери катышты. Апрель элдик революциясынын тарыхый маанисин, ролун, ордун М.Жусупова, Э.Кулова өңдүү тарыхчы окумуштуулар белгилешти.
Leave a Reply