Deprecated: Required parameter $popup_id follows optional parameter $data_attr in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/popup-maker/includes/deprecated-filters.php on line 102

Deprecated: Required parameter $method follows optional parameter $args in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-content/plugins/notification/src/classes/Traits/Webhook.php on line 35
Биздин замандын 751-жылы Талас дарыясынын жанында арабдар менен кытайлардын 100 миңдеген аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. – Талас мамлекеттик университети
Notice: WP_Scripts::localize was called incorrectly. The $l10n parameter must be an array. To pass arbitrary data to scripts, use the wp_add_inline_script() function instead. Please see Debugging in WordPress for more information. (This message was added in version 5.7.0.) in /var/www/vhosts/talsu.kg/httpdocs/wp-includes/functions.php on line 5663

Биздин замандын 751-жылы Талас дарыясынын жанында арабдар менен кытайлардын 100 миңдеген аскерлеринин ортосунда салгылашуу болуп өткөн. Ага жергиликтүү түргөш, карлук ж.б. түрк элдери да катышкан жана бул салгылаш адамзат тарыхындагы 10 ири салгылашуулардын катарына кирет. Тарыхтагы “Атлах шаары” деп аталган жер азыркы Манас районуна караштуу Кеңеш айылынын түндүк-батышындагы Жоон-Дөбө (Атлах) шаар чалдыбары экенин окумуштуулар археологиялык казуулардан табылган табылгалар аркылуу изилдешип белгилешкен. Ал жерден “Атлах” деп жазылган таш дагы табылып, Алматынын музейине коюлган. Бүгүнкү күндө бул салгылашууга байланышкан маселелер коомчулукта кеңири талкууланып, тарыхый окуяга байланыштуу демилгелүү иштер көтөрүлүп, долбоорлор жазылып, илимий конференцияларды өткөрүү ж.б. мерчемделүүдө. Ушул иштерди бир багытка буруп, тарыхый окуяга туура баа берүү, региондун туризм тармагын өнүктүрүү максатында КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Бузурманкулов кызыкдар тараптарды (ТалМУ, “Мурас кыймылы” коомдук уюму ж.б.) бириктирип, тиешелүү органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде барып көрдү. Алдыда бул багытта жасай турган иштер боюнча сүйлөшүлүп, ишти ыкчамдатуу боюнча макулдашылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *