ТалМУнун түзүмдүк бөлүмдөрүндө “Биз, жаштар, кыз ала качууга каршыбыз!” деген акциянын алкагында иш-чаралар уланууда. Бүгүн технология-экономикалык факультетинин “экономика” адистигинин студенттери менен “Ала качуу – салт эмес” деген темада талкуу
өткөрүлдү. Талкууну ага окутуучу Т.Ташманбетов алып барып, факультеттин деканы доцент И.Абдырахманов кыз ала качуу салт эмес экенин, 21-кылымда мындай жосунсуз жоруктарды жасоо таптакыр туура эместигине токтолду. Студенттер ала качууга каршы экенин билдиришип, ага бөгөт коюуга ар бир жаран белсенип киришүүсү зарыл экенин белгилеп өтүштү.
Leave a Reply