КР УИАнын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы, белгилүү тарыхчы-этнограф, т.и.к. Жапаров Амантур Забирдиновичке ТалМУнун “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Аталган наам университеттин окуу-усулдук багыттарынын өнүгүүсүнө жана илимий кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн берилип жатканын ректор А.Ш.Упенов баса белгилеп, сыймыктуу наамы жана 60 жылдык юбилейи менен университеттин атынан куттуктады.
Leave a Reply