26-декабрь күнү ТалМУнун жыйын залында студенттердин жаңы жылдык “Көгүлтүр от” оюн-зоок кечеси болду. Майрамдык кечеде ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов 2018 – Жаңы жылы менен студенттерди куттуктап, 2017-жылы окууда ийгиликтерге жетишкен жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге ардак грамоталарды салтанаттуу тапшырды. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган оюн-зоок концерттик программа тартууланып, жаңы жылдык дискотека менен улантылды.
Leave a Reply