ТалМУнун табият таануу жана педагогика факультетинин студенттик парламентинин демилгеси менен “Кайдыгер карабайлы, жардамыбызды аябайлы” деген максатта Кум-Арык айылындагы көмөкчү мектеп интернатынын балдар-кыздарына ар бир тайпадан чогултулган жаӊы кийимдер жардам катарында окуучуларга берилди. Андан сырткары интернаттын окуучуларына ар-түрлүү таттуулар демөөрчүлөр (Ысык-нан, Яшар) тарабынан таратылып, соӊунда студенттердин оюн-зоок программасы тартууланып, окуучуларга кызыктыруучу белектер таратылды.Бул иш-чарага ТТПФнин жалпы профессордук-окутуучулар курамы, жетекчилик жана ТТПФнин ага кураторлору Бешкемпирова Венера Курбоновна, Нукешов Султан, студенттик парламенттин төрагасы Жекшенбеков Арслан жана таланттуу студенттер активдүү катышып келишти.
Leave a Reply