15-февралда колледждин администрациясы менен академиялык тайпалардын старосталарынын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда студенттер ачык-айкын окуу процесси, маданий-массалык, спорттук иш чаралардын жүрүшү тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү. Колледждин директору К,Шамуратов окуунун алдыңкы студенттеринин атайын стендин уюштуруу маселесине токтолду. Жыл жыйынтыгы менен “Мыкты тайпа” деген сынактын негизинде колледждин жеңүүчү деп табылган тайпасы Кыргызстандын областтарына (Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад ж.б.) саякатка жиберилерин билдирди.
Leave a Reply