
КОБББнын студенттик парламентинин президенти:
Джолдошев Актан
Премьер-министр: Маратов Эмиржан
Окуу министр: Болотбекова Дилназ.
Маданият министр: Кенжетаева Т.
Спорт министр: Таштанбеков Бекжан.
Женсовет башчысы: Султанбекова Гулнара.
Катчы: Жолумбекова Паризат.
Максаты – Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттери арасындагы маданий-массалык, коомдук иштердин жанданышына жана студенттердин окууга болгон кызыгууларын арттыруу, университеттик деңгээлде студенттердин ынтымак-биримдигин чыңдоо жана Кыргызстандын ЖОЖдорундагы студенттер менен интеграциялык байланыштарды күчөтүү, достук мамилелерди чыңдоо.
Аткарган иштери: Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттик парламенти маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышып, демилгелүү иштерди уюштуруп келе жатат.
Алсак, ТалМУнун жана Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттик парламентинин демилгелери менен 7-майда Талас шаарында жашаган 6 согуштун жана ооруктун ардагерлеринин үйлөрүнө барышып, жардам катары алардын үй тиричилигиндеги ар кандай жумуштарын аткарып беришти.
9-майда Талас шаарынын алкагында 28 панфиловчу-баатырлардын элесине арналган “Тынчтык” вело-жүрүшү уюштурулду.
2-декабрь Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата Кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн студенттик парламенти тарабынан кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Мында Талас районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар-интернатына кеңсе буюмдары жана спорттук каражаттары жардам катары берилди.