Табигый дисциплиналар секциясы
2009-жылы ТалМУнун алдындагы КОБББда Табигый дисциплиналар секциясы уюшулган. Секциянын башчысы болуп Ташматова Жыпар Таалайбековна дайындалган.
Секция 2011-окуу жылынан баштап “башталгыч класстарга билим берүү” адистиги ачылгандыгына байланыштуу Табигый-педагогикалык секциясы болуп өзгөрүп, секция педагогика багытындагы төмөндөгү 2 адистикти дайындап чыгарса:
0312 «башталгыч класстарга билим берүү »
0313 «мектепке чейинки мекемелерге билим берүү »
2012-окуу жылынан баштап «китепкана таануу», адистиктерин даярдай баштады.
2015-жылдан баштап секция экиге бөлүнүп кайрадан Табигый дисциплиналар секциясы деген аталыш менен түзүлдү жана бүгүнкү күндө секция “дене тарбия”, “технология” адистиктерин тейлеп келүүдө.

2018-2019-окуу жылында 050721 “дене тарбия”адистиги Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан аккредитациядан ийгиликтүү өтүп сертификат алынды.

Секция башчысы – Ташматова Жыпар Таалайбековна
Табигый дисциплиналар секциясынын негизги максаты жана милдети болуп, жеткиликтүү билим берүү, Республиканын жана Талас аймагынын туруктуу социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн компетенттүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.
Бүгүнкү күндө “дене тарбия” адистиги боюнча 35 студент окуп билим алышууда жана 50 бүтүрүүчү окууларын ийгиликтүү аяктап, кесиптик орто билимге ээ болушту.
Секциянын түптөлүшүнө х.и.д. Жусупова Күлмайрам Алтымышбаевна, Шамуратов К.Т.,Тойчубеков К.,Мырзабекова У.Дж., Бообекова Г.А.,Маматбеков Н.,Ниязбеков К.,Сейдакматова А.,Момоконова С.А.,Сыдыгалиева С., Дене тарбия жана спорттун отличниги Абдраимов А.Б., Дене тарбия жана спорттун отличниги Турсалиев А.Ж.,СССРдин Футбол боюнча мастери Ильин М.Ю., Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери жана дене тарбия спорттун отличниги Сейитказиев Т.С.,Ташматова Ж.Т., Абдраимов А.Б., Шакиева А.Ж., Дүйшеев Б.А., Мураталиева Н.Д., Жанузаков У.О. ж.б. салымдары чоң.
Учурда Табигый дисциплиналар секциясында 13 окутуучу, эмгектенет. Анын ичинде: 1 химия илиминин доктору, 3 дене тарбия жана спорттун отличниги жана 1спорттун мастери эмгектенет. Булардын ичинен 9 окутуучу колледждин штаттык курамында турат.

Шакиева А.Ж. – студенттер менен Химия сабак учурунда

Ташматова Ж.Т. – студенттер менен география сабак учурунда

Мураталиева Н.Д. – студенттер менен сабак учурунда



Абдраимов А.Б. – студенттер менен сабак учурунда

Тегерек стол учурунда
Секцияда студенттердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында акыркы 3 жыл ичинде окутуучулардын курамы тарабынан 12 окуу-методикалык көрсөтмөлөр жана К.Т.Шамуратов тарабынан “Адамдын жашоо коопсуздугунун негиздери” предметинен окуу методикалык колдонмо типографиялык ыкма менен басмадан басылып чыгарылып студенттер колдонуп жатышат.
Студенттерди окутууда заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен сабак өтүү процесси алардын билим деңгээлинин жогору болуусуна шарт түзөт. Азыркы учурда колледжде 48 персоналдык компьютерлер 3 окуу кабинеттеринде жайгашкан. Үч лекциялык зал интерактивдүү доскалар, ноутбук жана проекторлор менен, бир лекциялык зал ноутбук, проектор менен жабдылган. Колледждин окутуучулары үчүн секциянын окутуучулары тарабынан компьютердик сабаттуулук боюнча семинарлар уюштурулуп турат.
Табигый дисциплиналар секциясынын мүчөлөрү жылына ТалМУ тарабынан уюштурулган студенттердин илимий-практикалык конференцияларында секциянын окутуучуларынын жетекчилиги менен студенттер даярдалып, докладдар окулат. 2019-2020 окуу жылында студенттердин илимий-практикалык конференцияда А.Ж.Шакиеванын жетекчилиги менен Искендербеков З. 1-орунга ээ болду.
Секциянын мүчөлөрү өз квалификациясын жогорулатуу максатында инновациялык билим берүү процесстери, технологиялары боюнча ар кандай тематикадагы семинар-тренингдерге катышып турушат. Бүгүнкү күндө секциянын ар бир окутуучусунун өз квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттары бар.
Мындан тышкары жыл жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары” конкурсунун жобосуна ылайык сециянын окутуучулары Момоконова С.-“Жылдын мыкты куратору”,Ташматова Ж.Т., -“Жылдын мыкты окутуучусу” номинацияларына ээ болушкан. Ал эми 2020-2021 окуу жылында секция “Жылдын мыкты секциясы-2020” деген номинацияга ээ болушту.
Ар бир окутуучу колледждин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, респуликадагы орто кесиптик билим берүү системасынын модернизацияланышындагы, жаңы форматтагы адистердин даярдалышындагы аткарган өз орду бар деп айтсак болот.

Ден соолук күнүнө карата секция тарабынан уюштурулган иш -чара.

КОБББнын 10 жылдыгына карата Абдраимов А.Б.тарабынан өткөрүлгөн спорттук иш-чара

КОБББнын 10 жылдыгына карата А.Б. Абдраимов тарабынан ТалМУнун студенттер арасындагы волейбол боюнча мелдеш.


Секциянын окутуучусу У.О. Жанузаков тарабынан Нооруз -2020 майрамына карата кыргыздын улуттук оюну болгон ордо, тогуз коргоол оюндары боюнча КОБББнын 1-2-3 курстарынын студенттеринин арасында өткөрүлгөн иш-чара.



2019-жылдагы 9-май Жеңиш күнүнө карата студенттер арасында өткөрүлгөн иш-чара
Табигый дисциплиналар секциясынын студенттери практикалык сабактарды келишимдин негизинде Талас шаарындагы №1, № 4, № 5 жана райондук мектептер жана ошондой эле Талас, Кара – Буура, Манас, Бакай –Ата райондорунун спорттук мектеби Талас областынын шаардык, райондук ɵспүрүм балдардын спорттук мектептеринде өтүшөт. Мындан башка «Тɵɵ – Ашуу» лыжалык баззасы, «Талас-Сүт» комбинатынын сууга сүзүү бассейини, «Газпром» спорт комплекстери менен келишимдер түзүлгɵн.

Студенттер практикага чыгуу алдындагы конференцияда

Студенттердин практика учурунда




Табигый дисциплинлар секциясынын материалдык-техникалык базасы
“Дене тарбия” адистиги боюнча 2 кабинет жана 1 гимнастикалык зал,
лабораториялык иш жүргүзүү үчүн стенддер, макеттер жана плакаттар менен жабдылган. Колледждин китепканасында атайын каражаттары аркылуу, зарыл болгон адабияттар менен камсыздалып, студенттердин керектɵɵсүн канааттандырат. “Технология” адистиги боюнча Германия өлкөсү менен GIZ проектисинин негизинде 1 кабинет тигүүчү машиналары менен жабдылган.