ТалМУда кыргыз элинин белгилүү окумуштуусу К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “К.Карасаев – кыргыздын залкар окумуштуусу” деген темада конференция болуп өттү.

ТалМУда кыргыз элинин белгилүү окумуштуусу К.Карасаевдин 120 жылдыгына арналган “К.Карасаев – кыргыздын залкар окумуштуусу” деген темада конференция болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк Манас университетинин, Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары катышып, К.Карасаевдин басып өткөн даңазалуу өмүр жолуна, илимий-изилдөө жана коомдук-агартуучулук жаатындагы үзүрлүү ишмердүүлүгүнө, баалуу илимий эмгектерине, жеке инсандык жана адамгерчилик сапаттарына байланыштуу кызыктуу ойлорун, илимий табылгаларын ортого салышты. К.Карасаевдин илимий ишмердүүлүгүнө байланышкан изилдөөлөрдү жүргүзүү, жайылтуу боюнча жыйынтык пикирлер айтылды. Активдүү катышкан баяндамачыларга ТалМУнун ыраазычылык каттары тапшырылды

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*