ТалМУнун “мыкты тайпасы” менен “мыкты куратору” аныкталып, бүгүн сыйлыктары тапшырылды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырып жатып, университеттин ректору А.Ш.Упенов жылдан жылга активдүү тайпалардын саны өсүп жатканын баса белгиледи. “Мыкты тайпа” номинациясын Г-16, К-16 тайпалары жеңип алып Ысык-Көлгө жолдомо алышты. Колледж боюнча КА-1-18 тайпасы жеңип, куратору Н.Аскаровага кошо Кыргызстандын кооз жерлеринин бирине саякаттоого жолдомо тапшырылды. Ал эми 2-орунду алган И-17 тайпасы, 3-орунду М-16 тайпасы алып, ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды алышса, “мыкты куратор” болуп таанылышкан Т.Айталиева менен Н.Садыралиева да Ысык-Көлгө жолдомо алышты.
Leave a Reply