ТалМУнун студенттери “көгүлтүр от” жаңы жылдык кечесин өткөрүштү. Кече студенттик парламент тарабынан уюштурулган. Студенттерди келе жаткан 2020-Жаңы жылы менен университеттин ректору А.Ш.Упенов куттуктап, окуунун алдыңкылары менен активдүү студенттерге ТалМУнун ардак грамоталарын тапшырды. Жаңы жылдык “көгүлтүр от” студенттердин өнөрлөрү менен уланып, ыр, бий, тамаша боюнча таймашып, Аяз ата менен Аяз кыз белектерин тапшырды.
Leave a Reply