25-октябрда Талас мамлекеттик университетинде улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Ч.Айтматов – сүрѳттѳрдѳ” аттуу фото-кѳргѳзмѳ ачылды. Бул кѳргѳзмѳдѳгү сүрѳттѳр белгилүү фото-кабарчы Султамуратов Бердибек Солтобаевичке таандык. Анын фото сүрѳттѳрүндѳ Ч.Айтматов жана анын чыгармалары фото-обьективдик ракурста чагылдырылган. Келген коноктор тарабынан кѳргѳзмѳ жогорку деӊгээлде уюштурулганын белгиленди. ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов авторго тереӊ ыраазычылык билдирүү менен университеттин атынан Б.Султамуратовго ыраазычылык кат тапшырды.
Leave a Reply