А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте «Время для равенства»
деген темада сүрөт көргөзмөсү болуп өттү

2022-жылдын 1-декабрында Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте «Время для равенства» деген темада сүрөт көргөзмөсү, каармандардын маеги, суроо-жооп викториналарды камтыган акция болуп өттү.

Иш-чараны Талас шаарынын вице-мэри М.Э.Сейдикеримова ачып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, негизги максатыбыз жалпыбызга маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү экендигин белгиледи.

Акцияда Талас облусундагы СПИДге каршы күрөшүү борборунун директору Г.Ж.Алишерова оору тууралуу кыскача маалымат берип, оорунун алдын-алуу чаралары жөнүндө катышуучуларга айтып берди. Уюштуруучулар: «ЗиОМ 21» коомдук фонду, «Кызыл Ай» коому уюшкандыкта программаны тартуулашты.

Бул акцияга Талас мамлекеттик университетинин студенттери да катышышып, сурот көргөзмөсүнөн 1-орунду ТТПФнын ИЗ-20, 2 -орунду ДОк группалары камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө ийгилик каалайбыз!

Прокрутить вверх