«Глобалдуу акча жумалыгы-2023» иш-чарасы

2023-жылдын 24-мартында Талас мамлекеттик университетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Талас облустук башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Аскар Сагынович, кассалык операциялар тобунун башкы адиси Борубаева Жылдыз Эргешовнанын катышуусунда «Глобалдуу акча жумалыгы-2023» иш-чарасынын алкагында «Финансылык пландаштыруу жана үй-бүлө бюджети», «Кыргыз Республикасынын нумизматикалык баалуулуктары» деген темада лекцияларды окушту.
Студенттерге улуттук валютабыз- кыргыз сомунун тарыхы, Улуттук банктын нумизматикалык баалуулуктары, үй-бүлөдө бюджетти пландаштыруу жана колдонуу сыяктуу маалыматтарды берүү менен студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип, эң активдүү катышкан студенттерге белектерди тапшырышты.
Бул иш-чара кыргыз сомунун 30 жылдыгына карата өткөрүлө бере тургандыгын айтып, уюштуруп берген окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

Прокрутить вверх