Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу проблемалары

ТалМУда 2022-жыл Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылына карата «Заманбап чакырыктардын шартында илим менен билим берүүнүн актуалдуу проблемалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети, М.Ауэзов атындагы Түштүк-Казахстан университети менен биргеликте уюштурулуп өткөрүлдү. Конференцияга аталган жогорку окуу жайлардан тышкары Баткен мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Талас мамлекеттик университетинин окумуштуулары, окутуучулары, аспирант-изденүүчүлөрү, магистранттары катышты. Куттуктоо сөздөрдү ТалМУнун окуу-илимий иштери боюнча проректору С.С.Жумалиев, В.М.Шукшин атындагы АлтГГПУнун илимий-изилдөө борборунун директору М.С.Власов, М.Ауэзов атындагы Түштүк-Казахстан университетинин 1-проректору К.Э.Нурманбетов, БатМУнун педагогика факультетинин деканы М.М.Боркошев сүйлөшүп, пленардык бөлүктө 3 баяндама (А.М.Беспалов, Ш.Ж.Курманкулов, Ж.К.Абдиева) окулду. Секциялык отурумда 5 багыт боюнча 53 илимий баяндама окулуп, кызуу талкууланып, алардын жыйынтыктарынын негизинде резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Прокрутить вверх