Илимий-техникалык кеңештин жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн ТалМУда илимий-техникалык кеңештин жыйыны өткөрүлүп, окуу жайда ишке ашырылып жаткан мамлекеттик илимий долбоорлордун жылдык отчеттору угулду. Илимий долбоорлордун жетекчилери аткарылган илимий иштеринин этаптары боюнча кеңири маалымат беришип, видеолордун жана презентацияларын, материалдарын көрсөтүштү. Кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришип, айтылган сунуштарды эске алуу менен отчеттору кабыл алынып, облустук илимий-техникалык кеңешке сунушталды. Кийинки маселеде кеңештин курамына тактоолор киргизилип, илимий багыттардын жетекчилери, катчылары дайындалды.

Прокрутить вверх