Илимий изилдөөдө электрондук ресурстарды эффективдүү колдонуу” аттуу тренинг болуп өттү.

2024-жылдын 4-мартында Талас мамлекеттик университетинде ”Маалыматтык сабаттуулук: Илимий изилдөөдө электрондук ресурстарды эффективдүү колдонуу” аттуу тренинг болуп өттү. Тренингдин жүрүшүндө Борбордук Азиядагы Америка университетинин китепканачы-адиси Т.А.Кожоканова окутуучулар, студенттер жана аспиранттарга окууда, окутууда жана изилдөөдө пайдалуу электрондук ресурстарды издөө жана аларды колдонуу боюнча маалымат берди. Тренинг Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынган “ Жаркын келечек үчүн билим алуудагы теңчилик жана жеткиликтүүлүк” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Тренингдин алкагында БААУнин китепкана кызматкерлери жергиликтүү жана чет элдик белгилүү академиялык басмалар тарабынан чыгарылган электрондук ресурстарга акысыз жазылуу жана колдонуу боюнча маалымат беришип, сунуштарын айтышты.

Прокрутить вверх