«Коррупция жана диний экстремизм — азыркы коомдун коркунучу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү

15.12.21. Талас мамлекеттик университетинин технология-экономикалык факультетинде экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетовдун уюштуруусу менен «Коррупция жана диний экстремизм — азыркы коомдун коркунучу» аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго атайын чакырылган Талас облусунун юстиция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсенжан у. Ринат, Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси Т.М.Момбеков жана факультеттин деканы А.О.Курманалиева, кафедралардын окутуучулары менен студенттери катышты. Факультеттин деканы А.О.Курманалиева тегерек столдун максаты коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү, ошондой эле диний экстремизм боюнча кенен маалымат алуу экендигин айтты. Талас облусунун юстиция бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эсенжан у. Ринат коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча кыска видео-роликтерди көргөзүп, суроо-жооп ирээтинде талкуу жүргүзүү менен коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизиндерине кенен токтолуп түшүндүрдү. Талас шаары жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси Т.М. Момбеков диний экстремизм жана коррупция азыркы тапта өтө курч маселе болуп жаткандыгын жана ага ар ким өзү да түрткү болбоосуна чакырып, студенттердин суроолоруна жооп берди.

«Террористтик жана экстремистик уюмдардын радикалдык идеологиясын жайылышын алдын алуу» темасында экономика жана менеджмент кафедрасынын ага окутуучусу Т.Т.Ташманбетов тарабынан даярдалган баяндама угулду. Тегерек столдун соңунда келген конокторго ыраазычылык билдирүү менен, мындай жолугушуулардын негизинде жаштар арасында түшүндүрүү иштерин байма-бай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх