Маалыматтык кат

ТҮРК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КООРДИНАЦИЯ АГЕНТТИГИНИН ДЕМӨӨРЧҮЛҮГҮ МЕНЕН

КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ АТЫНДАГЫ ЫСЫК-КӨЛ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

ДҮЙНӨ СӨЗ АКАДЕМИЯСЫ

ХАЖИ БЕКТАШ ВАЛИ МАДАНИЙ АССОЦИАЦИЯСЫ

МААЛЫМДОО БАРАКЧАСЫ

 

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

 

2018-жылдын  1-5-октябрында Түрк Кызматташтык Жана Координация Агенттигинин демөөрчүлүгү менен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университети, Дүйнө Сөз Академиясы, Хажи Бекташ Вали Маданий Ассоциациясы менен биргеликте  түрк жана кыргыз элинин ортосундагы маданий, тарыхый байланыштарды түзүү максатында “Түрк элдеринин байыркы түрк жазуусундагы чыгармалары” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык Симпозиумуна катышууга чакырабыз.

 

Симпозиумдун алкагында төмөнкүдөй темалар боюнча иш жүргүзүлөт:

  1. Ата Бейтүл Хакайик
  2. Жусуп Баласагын “Кутатгу Билик”
  3. Коркут Ата
  4. Махмуд Кашгари “Диван Лугат ат Түрк”

 

Кошумча төмөндөгү темалар боюнча докладдар да кабыл алынат:

 

  1. Түрк жана кыргыз элинин тарыхы, маданияты жана жалпы адамзаттык рухий баалуулуктар;
  2. Байыркы түрк жана кыргыз искусствосу;
  3. Байыркы түрк жана кыргыз тилиндеги элдик оозеки чыгармачылыктарындагы окшоштуктар жана айырмачылыктар;

Конференцияны өткөрүү тили: кыргыз, орус,түрк, англис.

Конференция өткөрүлө турган жер: Кыргыз Республикасы, Каракол шаары, Ю.Абдрахманов көчөсү, 103.

Материалдар түрк басылмаларына жарыкка чыгарылат.

Материалдарды төмөндөгүдөй тартипте даярдоону сунуштайбыз:

  1. Макаланын көлөмү 4-8 беттен туруусу керек.
  2. Кагаздын форматы – А4, шрифт – Times New Roman, шрифттин өлчөмү – 14, сап аралык интервал – 1,5; беттин параметрлери: сол жагынан – 3 см, оң жагынан 1,5 см, астынан жана үстүнөн – 2 см, абзац – стандартка ылайык.
  3. Автордун (же авторлордун) аты-жөнү жазылып, анын астына иштеген жери (кафедрасын көрсөтүү менен), кызматы e-mail дареги көрсөтүлөт. Автор тууралуу маалыматты орус, англис тилине которуп коюуну суранабыз.
  4. Макаланын темасы кара шрифт менен ортолонот.
  5. Макалалар кыргыз, түрк, орус, англис тилдеринде кабыл алынат.
  6. Макаланын аннотациясы 150-200 сөздөн турат, кыргыз жана түрк тилинде да жазылышы шарт. Макаланын ачкыч сөздөрү 7-9 сөз болуусу тийиш.
  7. Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө көрсөтүлөт. [1].
  8. Пайдаланылган адабияттардын тизмеси макаланын же илимий изилдөөнүн аягында алфавит тартибинде тизмеленип берилет.

Уюштуруу комитети жогоруда көрсөтүлгөн талаптар эске алынбай берилген жана конференциянын тематикалык багыттарына туура келбей сунушталган материалдарды четке кагуу укугуна ээ.

Докладдардын материалдары конференцияга чейин каралып чыгат жана докладдары тандалып алынган авторлорго электрондук почтааркылуу чакыруу каты жиберилет.

Симпозиумдун  ишине катышуу үчүн уюштуруу комитетинин дарегине: 722200 Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы, Каракол ш., Ю.Абдрахманов көчөсү, 103, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, №309 кабинет, илим жана эл аралык байланыштар бөлүмү  (996 3922 5 09 29, 996 555 744 957, 996 700 717 060) же naukaigu@gmail.com электрондук почтасына 2018-жылдын 10-сентябрына чейин “Симпозиумга” деген белги менен

  • pdf форматында катышуу үчүн өтүнүч; Файлды автордун фамилиясы менен атагыла (өтүнүч_Джумабаев К.А.);
  • жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайыкталган илимий макаланын толук тексти; Файлды атаганда биринчи автордун фамилиясын көрсөткүлө (макала_ Джумабаев К.А.);
  • макалага pdf же jpg форматында сканерленген рецензия (рецензия_ Джумабаев К.А.);
  • макаланын публикациясы үчүн сканерленген төлөмдүн квитанциясы

Оргкомитет менен жазышуу иштери жогоруда көрсөтүлгөн электрондук адрес аркылуу гана жүргүзүлөт.

Ар бир регионалдык ЖОЖдон 1 ден катышуучунун жана Бишкек шаарынын ЖОЖдорунан 4 катышуучунун чыгымдары толугу менен  TIKA уюму тарабынан каржыланат, калган катышуучулардын жол жүрүү чыгымдарын командировкага жиберген мекемелердин эсебинен төлөнөт.

.

 

Кызыккан кесиптештерибизге конференция тууралуу маалыматты таратууну өтүнөбүз

 

 

Урматтоо менен, Уюштуруу тобу

КАТТОО БАРАКЧАСЫ

 

Өткөрүү күнү – 2018-жыл, 1-5 октябрь, Каракол шаары, Кыргыз Республикасы

Фамилия, Аты, Жөнү _______________________________________________

Иштеген жери__________________________________________________________________

Кызматы_________________________________________________________________

Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы_________________________________

Жарандыгы_______________________________________________________________

Паспорту _________________________________________________________________

Почта дареги______________________________________________________________

Телефон (шаардын жана өлкөнүн коду менен)__________________________________

Электрондук почта_________________________________________________________

Катышуу формасы(керектүүсүн белгилөө): Ичтен                                Сырттан

Докладдын темасы (Докладчынын фамилиясын белгилөө)_________________________

Конференцияда доклад кайсы багытка таандык__________________________________

Докладчы:_______________________________________________________________

 

Датасы

Колу

 

Симпозиум маалым кат 

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх