Мектепке чейинки билим берүү

ТалМУнун алдындагы КОБББнын педагогика секциясы тейлеген «Башталгыч класстарды окутуу» жана «Мектепке чейинки билим берүү» адистиктеринин 3- курстарынын студенттери 13.12.21- 1.01.22 дан кайра 24.0.22- 19.02.22 чейин окуу планына ылайык мектептерде практикаларын өтөп келишти. Практиканын аякталышына байланыштуу 28.02.22 жыйынтыктоочу конференция болуп өттү. Конференцияны педагогика секциясынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Кудабаева Гулира Байдылдаевна ачып, практиканын аткарылышы, жетишкендиктери, эске алчу жагдайлар тууралуу жана студенттердин практика учурунда алган чыгармачылыктарына токтолуп, мындан кийинки ийгиликтерди каалап өттү. Практика учурунда усулдук кеңештерин берип, практикага көзөмөл жүргүзүп келген усулчу А. Сейдакматова да практика учурундагы мектептеги тажрыйба алмашуу натыйжалуу болгондугу тууралуу кеп кылып, студенттерге ийгилик каалады. Андан кийин аталган адистиктердин студенттери мектептерде өткөн ачык- чыгармачыл сабактарынан фрагмент көрсөтүп беришти. Алсак, Г. Советова «Айлана чөйрө менен таанышуу» предметинен «Транспорт»; А. Темирова «Математика элементтерин көнүктүрүү» предмети боюнча «Онго чейинки сандардын эсеби»; Г. Султанбекова «Мекен таануу» предмети боюнча «Сейрек кездешкен жаныбарлар жөнүндө билип жүр»; С. Ганюк «Мекен таануу» «Түштүк материктери»; Д. Бакытова » Кыргыз тили» предмети боюнча «Сүйлөмдүн түрлөрү» деген темаларда сабактарын көрө алдык. Бардык сабактар индивидуалдуу, өзгөчө чыгармачылык менен даярдалып, көрсөтүлдү. Өтүлгөн конференция студенттер үчүн чыгармачыл такшалуунун жыйынтыгы катары болду. Мындан ары практикада колдоно алуу, өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деген ишенимди арттырат деген ойдобуз.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх