Борбор Азия университетинин өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча жолугушу

Бүгүн расмий иш сапары менен Борбордук Азия университетинин профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин директору Диловар Бутабеков, аталган мектептин Кыргызстандагы жетекчиси Нурбек Нишарапов жана Бишкек шаарындагы окуу борборунун менеджери Асель Боталиева менен жолугушуп, алдыдагы кызматташтык багыттары боюнча сүйлөштүк. Талас мамлекеттик университетинин базасында профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин филиалын ачуу, англис тили боюнча Кембридж экзамендери (Cambridge Assessment English) модулдарын жана долбоорлук кыска курстарды уюштуруу боюнча макулдаштык. Буйруса, Талас облусунун жаштарына англис тилинде билимдерин өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Прокрутить вверх