ТалМУнун доценти М.С.Тургунбаев И.Раззаков атындагы КМТУга конок-лекция өттү

ТалМУнун техникалык процесстердин технологиясы кафедрасы жана И. Раззаков атындагы КМТУнун ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу кафедрасы арасындагы өз ара кызматташуу боюнча түзүлгөн меморандумдун негизинде, 2021-жылдын 16-декабрында тех.и.к., доцент М.С.Тургунбаев И.Раззаков атындагы КМТУнун транспорттук процесстердин технологиясы багытындагы билим алып жаткан студенттерге «Тоолуу аймактардагы автомобиль жолдорунда кыймылды уюштуруу» аттуу темада лекциялык сабак өтүп берди. Лекция онлайн форматта өтүп, ага студенттерден тышкары жогоруда аталган кафедралардын окутуучулары да катышышты. Лекциялык сабакка студенттер активдуу катышып, лекция студенттер арасындагы өз ара пикир алмашуулар менен жыйынтыкталды.

Прокрутить вверх