Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим берүү

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары «Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим берүү» долбоорунун негизинде Талас облусунун мугалимдерине жана ТалМУнун окутуучуларына 28-ноябрда старт алды.

Бул курстар 2-декабрга чейин уланмакчы. Курсту А.И.Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин окумуштуу-окутуучулары өтүп жатышат.

Долбоор орус-кыргыз кызматташтыгынын өкүлчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын Нарын, Талас облусунун усулдук борборунун алкагында уюшулган.

Долбоордун максаты: жергиликтүү мугалимдердин предметтер боюнча квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу.

Прокрутить вверх