«Студенттик мобилдүүлүк жана чет өлкөгө окуу» аттуу семинар уюштурулду

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенттерине «Студенттик мобилдүүлүк жана чет өлкөгө окуу» аттуу семинар уюштурулду. ТалМУнун тышкы иштери бөлүмүнүн башчысы А. Т. Нуралиева студенттерге ЖОЖдор ортосундагы академиялык мобилдүүлүктүн артыкчылыктары жана чет өлкөгө кантип окусам болот деген сыяктуу маселелер жөнүндө кеңири маалымат берди.Жыйынтыгында студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.Семинар өз максатына жетти.Гуманитардык факультетинин деканы Ж.К.Абдиева уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.Семинарды тышкы иштери боюнча бөлүмдүн башчысы А.Т.Нуралиева жана тарых жана коомдук илимдери кафедрасынын башчысы М. М. Жусуповалар уюштурушту.

Прокрутить вверх