Талас салгылашуусуна арналган тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде Талас салгылашуусунун изилдөө тарыхына ( 751-ж.) арналган тегерек стол өткөрүлдү. Алгач ТалМУнун ректорунун м.а.,фи.д С.С.Жумалиев ачып, иш чаранын жүрүшүнө ийгилик каалады. Мурас кыймылы тарабынан каржыланып тартылган видео тасма көрсөтүлдү. Андан соң тарыхчы-окумуштуулар Ж.К.Абдиева, Э.К.Куловалар илимий баяндама жасашты. Тегерек столго Ф.и.к Э.Үмөтов, санжырачы Т.Бапиев, Атлах салгылашуусун иликтөөгө салым кошуп келе жаткан коомдук ишмер, эколог Г.Сооронкулов, архив кызматкери Н.Койчумановна, Талас облустук телерадиокомпаниясынын директорунун орун басары А.Артыкбеков, географ мугалими А.Жекшенбеков жана тарых адистигинин студенттери катышышты. Кызуу талкуу жүрүп, баалуу пикирлер айтылды. Соңунда ТалМУнун К.Кенешбеков атындагы музейине Талас облустук телерадио компаниясынын директору Б.Чабдарованын атынан тарыхый баалуу буюм-кумура тапшырылды. Кумураны А.Артыкбеков тапшырды. ТалМУнун жетекчилигинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Тегерек стол өз максатына жетти. Тегерек столду тарых жана коомдук илимдери кафедрасынын башчысы, доцент М.М.Жусупова уюштурду. 24.11.22.ТалМУ.

Прокрутить вверх