Талас облустук прокуратурасы менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн ТалМУнун кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн (колледж) студенттерине «Балдар, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу» боюнча Талас облустук прокуратурасы менен биргеликте иш-чара өткөрүлдү. Ага ТалМУнун ректорунун милдетин аткаруучу С.С.Жумалиев, Талас облусунун прокурорунун орун басары Б.А.Муназбеков, Талас шаарынын вице-мэри М.Э.Сейдикеримова, Талас ОИИБнын башчысынын орун басары Ш.И.Кушбеков, Талас шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын директору Д.Т.Рысалиева, Талас райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.К.Омурканов катышып, кылмыштуулук, зордук-зомбулук көрүнүштөрүн алдын-алуу, азайтуу, андай иштердин кесепеттери, мыйзамдык-социалдык факторлору тууралуу маалымат беришти. Студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришип, аларды жакшы окуп билим алууга, тандаган кесиптин ээси болуу менен ак иштеп элге, мамлекетке кызмат кылууга, мыкты инсандардан болууга тилектеш экендиктерин билдиришти. Мындай иш-чаралар факультеттерде, лицейде да өткөрүлүп турат.

Прокрутить вверх