ТалМУда билим күнүнө арналган иш-чара өттү

«Билим гана адамды бийик жана эркин кылат» Ч.Айтматов. Бүгүн Талас мамлекеттик университетинде 1-сентябрь билим күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чара эки бөлүктөн туруп, алгач окуу жайдын босогосун аттаган «Бектур агай» маалымат-технологиялык лицейинин окуучуларына ректораттын атынан куттуктоолор айтылып, маданий программалар тартууланып, биринчи коңгуроо кагылды. Андан соң ТалМУнун алдындагы КОБББнын студенттерине, ТалМУнун 1-курсунун студенттерине арналган салтанаттуу кече белгиленди. Кечеде ректорат, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери куттуктоо сөздөрүн айтышып, иш-чара маданий программа менен коштолуп жыйынтыкталды.

Прокрутить вверх