ТалМУ Германиянын Оснабрюк прикладдык университети жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү.

ТалМУ Германиянын Оснабрюк прикладдык университети жана С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен үч тараптуу кызматташуу келишимин түзүштү. Келишимге ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору Э.М.Байбагышов жана Оснабрюк прикладдык университетинин профессору Дитер Траутц расмий кол коюшту. Келишимде илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окутуучулар ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү, студенттик мобилдүүлүк ж.б. негизги багыттарда иш алып барууга макулдашылды. Конокторго университеттин символикалык белектери тапшырылды.

Прокрутить вверх