Туубуз түбөлүк желбирей берсин!

Туубуз түбөлүк желбирей берсин!
Ак калпак- Ала-Тоонун символу.

Туу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген, ал эми 5-март Ак калпак күнү деп 2011-жылы жарыяланган.Анын негиздөөчүсү Рысбек Жабиров.

Бул күн 2016-жылдан тарта расмий түрдө белгиленип келе жатат. 2017-жылы айрым сунуштардын негизинде токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.
Ушул майрамдарды утурлай Талас мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Туу күнү жана Ак калпак күнүнө арналган иш-чара салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага окутуучулар жана студенттер катышышты. Эң алгач сөздү ТалМУнун ректорунун мил.ат.С.С.Жумалиев сөз сүйлөп, Туу күнү, Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктап, мамлекеттик туу биримдиктин, эгемендиктин, эли-жерибизге болгон сүйүүнүн символу экендигин белгилеп, ылайым аталарыбыздын башынан ак калпагы, апаларыбыздын башынан элечеги түшпөсүн.Улуттук кийимдерибиз улутубуздун улут экендигин таанытып, улуттук наркыбызды сактап, улуттун жүзүн көрсөткөн нарктуу элдерден бололу,- деп жыйынтыктады.
Андан соң маданий программа тартууланды.

Прокрутить вверх