Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

Айталиева Толкун Кундузбековна

кафедранын башчысы, филология илимдеринин

кандидаты, доцент

Кафедра 1997-жылы уюшулгандан бери бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү иш   алып барууда. Башында кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасы, кыргыз адабияты жана аны окутуунун методикасы кафедрасы болуп өзүнчө кафедралардан турган. Кийин аталган эки кафедра бириктирилип “кыргыз тили, адабияты” кафедрасы деп кайра түзүлгөн. Бүгүнкү күндө кафедранын башчысы  болуп ф.и.к., доцент Т.К.Айталиева эмгектенет.

Кыргыз тили, адабияты кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамында 9 окутуучу бар. ТалМУ боюнча илимий-изилдөө ищтеринин жүргүзүлүшү, кадрлардын сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча алдыңкы орунда турат. Себеби кафедрада илимдин 2 доктору жана илимдин 3 кандидаты иштейт. Маселен, 2014, 2015- жылдары Д.О.Кенжебаев “Котормонун илимий-теориялык  жалпы маселелери” аттуу темада жана С.С.Жумалиев “Манас” эпосунун лексикасынын хроно-топологиялык стратификациясы” аттуу темада  докторлук  диссертацияларын ийгиликтүү коргошуп, филология илимдеринин докторлору болушту. Т.К.Айталиева “Манас” эпосунун   поэтикасынын тарыхый  өнүгүшү” (илимий  кеңешчиси ф.и.д., профессор С.Байгазиев), К.Т.Жунусалиева “Тарыхый  личность советтик доордо жана постсоветтик мезгилде: көркөм иликтениш   маселелери (романдардын негизинде)” (илимий кеңешчиси ф.и.д., профессор  Л.Үкүбаева), А.У.Акынбекова “Молдо Нияздын чыгармаларынын: андагы чагатай тилинин лексика-грамматикалык элементтери” (илимий кеңешчиси ф.и.д., профессор Т.С.Маразыков) аттуу темаларда докторлук диссертацияларынын үстүндө иштеп жатышат.

122Кафедра башка ЖОЖдор менен билим, илим жаатында тыгыз байланышта болуп келет. Мисалы, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият   институту, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы «Мурас» фондусу,   И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз-Түрк Манас университети, К.Карасаев атындагы БГУ, С.Нааматов атындагы НМУ ж.б.

Кыргыз тили, адабияты кафедрасынын окутуучулары сабактарын чыгармачылык изденүү менен өтүшөт. Бардык предметтер боюнча лекциялардын электрондук варианттары даярдалган. Өтүлүп жаткан темалар боюнча аудио, видео материалдарды, слайддарды, буклеттерди, таблица, карточкаларды ж.б. көрсөтмө куралдарды даярдашып, сабактын сапаттуу өтүлүшү үчүн аракет кылышат. Университеттик деңгээлде ачык сабактардын конкурсуна катышып,   алдыңкы орундарды ээлешүүдө. Окуу-методикалык иштер боюнча студенттер үчүн бир топ  усулдук  иштелмелер, көрсөтмөлөр чыгарылган. Окутуучулар тарабынан илимий конференцияларга студенттердин активдүү катышуусу үчүн темалар берилип, алардын илим болгон кызыгуусун арттыруу багытында иштер жүргүзүлөт.

Студенттер арасында тарбия иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Алсак, кафедранын жана кураторлордун жардамы менен ар бир окуу жылында мамлекеттик тил күнүнө арналган бурч, стенддер уюштурулат. Университеттик деңгээлде жана группаларда кураторлук иш-чаралар өткөрүлүп, сценарийлери папкаларга тиркелет. Атактуу инсандар, акын-жазуучулар менен жолугушуу кечелери уюштурулат. Маселен, 2015-жылы биздин студенттер Р.Т.Айтматова менен, акын Г.Момунова ж.б. белгилүү адамдар менен жолугушуп, кызыктуу дил маектер уюштурулду. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата жыл сайын “Айтматовдук окуу” өткөрүлүп, ага студенттерибиз да активдүү катышат. Белгилүү даталуу күндөрдө студенттердин демилгеси менен концерттик программалар уюштурулуп, дубал гезиттери, буклеттер чыгарылып турат.

Кафедранын профессордук-окутуучулар курамында эмгектенгендер кыргыз  тил илими жана адабият таануу илими боюнча жогорку илимий даражалуу, кесипкөй адистерден. Кафедра катары түптөлгөндөн бери Ж.Т.Бейшебекова, С.С.Жумалиев, Д.О.Кенжебаев, К.Т.Жунусалиева, Т.Айталиева, А.У.Акынбекова, Б.Ниясалиевалар үзүрлүү эмгектенип келе жатышат. Ар бир адис өзүнүн ишине так жана жоопкерчиликтүү мамиле жасап, чыгармачылык менен изденет.

121

Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын магистранттары Талас райондук, шаардык билим беруу болумунун методикалык борборунун жетекчиси,ТалМунун алдыкы бутуруучулорунун бири Элизат Байгараева менен магистранттардын жолугушуусун уюштурушту. Жолугушууну кафедра башчысы Т.К.Айталиева ачып, бугунку кундо магистранттар билим алып, практикада болушуп, илимий- изилдоо иштерин жургузуп жатышкандыгына токтолду. Кафедранын иш планына ылайык иш беруучулор менен жолугушуу уюштурулуп жатканын билдирди.Соз Э.Байгараевага берилди.Э.Байгараева оз созундо томонкулорго токтолду:

— ТалМУнун бутуруучулору республикабыздын, областтыбыздын мектептеринде, мекемелеринде ийгиликтуу иштеп жатышканын билдирди. Бутуруучулордун арасында саясий ишмерлер, илимдин кандидаттары, мектеп директорлору,завучтар да коп. Мен биздин университетти аяктап оз ишинде ийгиликтерди жаратып жаткандар менен сыймыктанам.-деп созун жыйынтыктады.

Магистранттар иш беруучуго кызыккан суроолорун берип жооп ала алышты. Жолугушуу жакшы денгээлде отту. Кафедра тарабынан иш беруучулор, кызыктар тараптар ,ата-энелер менен магистранттардын, студенттердин жолугушуулары уюштурулуп турат.

Прокрутить вверх