Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

20,21-октябрь күндөрү ТалМУда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына жана ТалМУнун 20 жылдык юбилейине арналган «Азыркы мезгилди жана тарыхты изилдөөнүн илимий аспектилери»аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Германиядан НАБУ уюму, «Диалог-Евразия» коомдук фонду, USAID Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, облустук жана шаардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, 18 ЖОЖдон ректорлор жана окумуштуулар, белгилүү академиктер жана мекеме-уюмдардан коноктор катышты. Бул иш-чарада университеттин регион үчүн орду, ролу белгиленип, каалоо-тилектер, куттуктоолор айтылды. Келген коноктор «Манас ордо» улуттук тарыхый маданий комплексине зыярат жасашып ТалМУнун профессордук-окутуучулар жамаатынын көркөм-маданий кечелерине катышышты.

Прокрутить вверх