15-сентябрда ТалМУда маалыматтык технологиялары багытындагы «Бектур агай» лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи болду.

15-сентябрда ТалМУда маалыматтык технологиялары багытындагы «Бектур агай» лицейинин салтанаттуу ачылыш аземи болду. Ага ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов, окуу жана илимий иштер боюнча проректору С.С.Жумалиев, мамлекеттик тил проректору К.Т.Жунусалиева, колледждин директору А.Ж.Ажибаева, гуманитардык факультеттин деканы Ж.К.Абдиева, билим сапаты боюнча адис М.М.Шайланова куттуктоо сөз сүйлөшүп, лицейдин ачылышына байланыштуу катышуучуларды куттукташып, ийгилик каалашты. Лицейдин ачылышында кызыл лента ректор А.Ш.Упенов тарабынан салтанаттуу кесилип, коноктор куттуктоолорун айтышып, лицейдин мугалимдери менен окуучуларына ак жол каалашты.

Прокрутить вверх