17-ноябрь эл аралык студенттердин күнүнө карата маданий иш-чара болуп өттү

Урматтуу студенттер сиздерди 17-ноябрь Эл аралык студенттер күнү менен куттуктайбыз!

Бүгүн ТалМУда студенттерге арналган «Студенттик күн, жаңырсын шатттык үн!» — деген темада маданий иш-чара болуп өттү.

Талас мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Самат Субанкулович Жумалиев студенттерди куттуктоо сөзү менен ачты. Андан соң Талас мамлекеттик университетинин окууда, илимде, коомдук-маданий иштерде ийгилик жараткан студенттери окуу жайдын Ардак Грамотасы менен сыйланышты.Студенттердин эл аралык күнүнө карата уюштурулган спорттук оюндарды жеңүүчү командалар ТалМУнун Грамотасы менен сыйланышты. Иш-чара таланттуу студенттерибиздин маданий программасы менен улантылды.

Андан соң майрам маданий программа менен коштолуп, студенттер үчүн дискотека уюштурулду.

Прокрутить вверх