2021-жылдын 10-сентябрында Талас (Атлах) салгылашуусунун 1270 жылдыгына карата «Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2021-жылдын 10-сентябрында Талас (Атлах) салгылашуусунун 1270 жылдыгына карата «Талас салгылашуусу жана анын тарыхый мааниси» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференция Талас мамлекеттик университети тарабынан демилгеленип уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Талас шаарынын мэриясы, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмеси, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер союзу, Туркия Республикасынын Мармара университети, «Мурас кыймылы» коомдук бирикмеси, «Айтыш» Республикалык коомдук фонду менен биргеликте өткөрүлдү. Аталган эл аралык конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси А.К.Койчуев, КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттар менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары О.Э.Капалбаев, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н.Нарбеков, Талас шаарынын мэри А.А.Шабданов жана өнөктөш тараптардын өкүлдөрү, Түркиянын, Россиянын, Казахстандын, Өзбекстандын, КР УИАнын, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, ЖаМУнун, ОшМУнун тарыхчы-окумуштуулары, Талас мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жамааты, Талас облусундагы тарых мугалимдери, тарых изилдөөчүлөрү катышышты. Бул иш-чара К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында өткөрүлүп, тарыхый-этнографиялык көргөзмө уюштурулду. Конференцияны Талас мамлекеттик университетинин ректору, профессор А.Ш.Упенов расмий ачып, катышуучуларга атайын тартылган видео тасма көрсөтүлүп, андан кийин куттуктоолорго кезек берилип КР Президентинин кеңешчиси А.К.Койчуев Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин куттуктоосун окуп, адамзат тарыхына таасир эткен Талас салгылашуусунун бүгүнкү күндөгү маанисин баса белгиледи. Пленардык бөлүктө белгилүү археолог-окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Б.Э.Аманбаева, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин, Анкара университетинин профессору Г.Ж.Жумакунова (Түркия), тарых илимдеринин кандидаты Павел Лурье (Россия), академик А.С.Уалтаева (Казахстан), тарых илимдеринин кандидаты, доцент М.М.Жусупова илимий баяндамаларын окушуп, Талас салгылашуусунун тарыхый ордун, маанисин, Талас өрөөнүндөгү тарыхый эстеликтерге археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн илимий негиздерин баса белгилешти. Секциялык отурумдар 3 секцияда жүрүп, катышуучулар онлайн жана оффлайн форматта илимий макалаларын окушуп талкуулашты. Конференциянын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Соңу маданий бөлүк менен жыйынтыкталды. Андан кийин конференциянын катышуучулары Талас салгылашуусу болуп өткөн Манас районундагы Кеңеш айылына сапар улашып, байыркы Атлах шаарынын чалдыбарына барышты. Бул жайдын тарыхый баалуулугун келечек муундарга жеткирүү, сактоо, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ой-пикир, сунуштар айтылып, салгылашууда шейит кеткен бабалардын арбагына багышталып куран окулду.

Прокрутить вверх