Башканы коюп Манасты айт

4-декабрь «Манас» эпосунун күнүнө карата ТалМУда “Башканы коюп, «Манасты» айт” деген темада кароо-сынак болду.
Жобонун шарты боюнча:
1. “Манас” эпосунан үзүндү айтуу
2. Эпостогу бир каармандын ролун аткаруу
3. “Манас” эпосу боюнча бир суроого жооп берүү
Аталган кароо-сынактын жыйынтыгында гуманитардык факультети 42 упай менен 1-орунга ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана 1500 сом акчалай сыйлыкка татыды. 2-орунду 41 упай менен технология-экономика факультети женип, 1200 сом жана диплом менен сыйланса, 3-орунду алган кесиптик орто билим берүү бөлүмү (колледж) 1000 сом жана диплом менен сыйланды. Ошондой эле кызыктыруучу сыйлык катары мыкты аткаруучулук чеберчилиги үчүн кесиптик орто билим берүү бөлүмүнө өзүнчө диплом жана 500 сом ыйгарылды. ТалМУнун ректору А.Ш. Упенов кароо-сынактын катышуучуларын байгелүү орундары менен куттуктап, “Манас” эпосунун маанисин, ролун баса белгилеп өттү.

Прокрутить вверх