«Биз коррупцияга каршыбыз!»

ТалМУнун алдындагы КОБББнын укук таануу жана коомдук илимдер секциясынын окутуучусу Ж. Чалабаева тарабынан студенттер арасында «Биз коррупцияга каршыбыз» деген темада 9.12.21 тегерек стол өттү. Алгач, окутуучу Ж. Чалабаева тегерек столдун максатын айтып, студенттерге коррупция тууралуу маалымат берди. Иш-чарада студенттер коррупция тууралуу доклад окушуп, «Коррупциялык көрүнүш» деген аталышта сахна көрсөтүштү. Тегерек столго катышып отурган КР Акыйкатчысынын Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Узакбаева жана Талас шаардык ИИБнын тергөөчүсү Жанболот уулу Канимет катышып, балдарга КР Жазык кодексиндеги өзгөрүүлөр тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу иштери тууралуу да токтолушту. Иш — чаранын жүрүшүндө суроолорго жооп берилип, коррупцияга каршы өткөрүлгөн бул тегерек стол максатына жетти.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх