3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күнү

Бүгүн 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күнү. Бул күнү ТалМунун профессордук-окутуучулар жамааты жакындан кызматташып Талас районунун Кум-Арык айылындагы көмөкчү -жатак мектебине 128 даана шейшеп комплектти, балдар үчүн 100 даана керектүү болгон жомок китептерди белекке беришсе, ал эми студенттик парламент, жалпы студенттер факультет, колледж болушуп райондорубузда, шаарыбызда жайгашкан мектеп-интернатка, мүмкүнчүлүгү чектелген реаблитациялык борборлорго кийим-кечек, азык-түлүк, канцелярдык товарлар жана оюнчуктарды беришип, маданий программа тартуулашып, балдардын маанайын көтөрүштү.

Прокрутить вверх