«Дифференцияланган окутууну колдонуу» аттуу темада
ТалМУнун окутуучуларына семинар өткөрүлдү

ТалМУда билим сапатын көтөрүү максатында 2 күндүн аралыгында онлайн жана оффлайн форматта кафедра аралык семинарлар уюшулуп, ага ылайык 10.02.22 ТалМУнун алдындагы КОБББнын укук таануу жана коомдук дисциплиналар секциясынын окутуучусу Д. Бекмуратова «Peardeck программасы менен интерактивдүү онлайн сабак өтүү ыкмасы» жана гуманитардык дисциплиналар секциясынын окутуучусу Н. Казыбаева «Дифференцияланган окутууну колдонуу» аттуу темада ТалМУнун окутуучуларына семинар өтүп беришти. Ар бир окутуучунун усулдук ыкмасы өзүнчө өзгөчөлүккө ээ болду. Бул ыкмаларды сабактарда колдонсо, окутуучунун педагогикалык чеберчилигин гана арттырат деген ишенимдебиз.

Прокрутить вверх