«Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » аттуу республикалык марафону башталды

9-11-декабрь күндөрү Талас мамлекеттик университетинде өтүүчү «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » аттуу республикалык марафону өз ишин онлайн жана оффлайн форматта баштады. Марафон Кыргыз тили Гимнин студенттердин аткаруусу менен ачылды. Андан соң куттуктоо сөздөрү менен Талас мамлекеттик университетинин окуу жана илимий иштери боюнча проректору, ф.и.д., профессор С.С.Жумалиев, Чүй университетинин ректору, ф.и.к., доцент Т.А. Асанакунов, ф.и.д., профессор Т.С.Маразыков, Талас облустук билим берүү усулдук борборунун усулчусу С.Бейшенова катышуучуларды куттукташып, ийгилик каалашты. «Кыргызстанда мамлекеттик тилде билим берүү » марафону өз ишин илимий-популярдуу баяндамалар жана окуу жайдын профессордук-окутуучулар жааматынын жана облусттук мектептердин мугалимдеринин чебер-класс сабактары менен улантты. Марафон 3 күнгө уланат.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх