Спорт – дени сак сергек жашоонун булагы

15-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде Студенттердин эл аралык күнүнө карата волейбол оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдештин максаты:
-Факультеттер ортосундагы достук мамилени күчөтүү;
-Студенттерди дени сак жашоого үндөө;
— Аталган оюндун түрү боюнча ТалМУнун курама командасына тандоо.
Мелдешке ТЭФ, ТТПФ, ГФ жана ОКБББнын курама командалары катышты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн (ОКБББ — колледж) балдар жана кыздар командалары жеңип алышты. 2-орунга табият таануу жана педагогика факультетинин балдары менен кыздар командалары, 3-орунга гуманитардык факультеттин балдар жана кыздар командалары татыктуу болушту. Ал эми технология-экономикалык факультетин балдары, кыздары 4-орунду алышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрүнө, оюндун активдүү катышуучуларына ТалМУнун ректору А.Ш.Упенов тарабынан куттуктоо сөз айтылып, ушундай кызык оюнду уюштуруп берген дене кафедрасына ыраазычыгын билдирип, акчалай сыйлыктар менен грамоталарын тапшырды.

Прокрутить вверх