Ак калпак күнү белгиленди

Асманда жарык көрсөң жылдыз деп бил,Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил , — дегендей жергебизде Ак калпак күнү белгиленүүдө. Талас мамлекеттик университетинин жамааты студенттер менен биргеликте бул күндү шаңдуу маанайда өткөрүштү. Технология- экономикалык факультеттин демилгеси менен маданий программа тартууланып, катышкандардын көңүлүн көкөлөтту. Алгач сөздү ТалМунун ректору А.Ш.Упенов куттуктап, иш-чараны ачык деп жарыялады. Андан соң ак калпак тууралуу ырлар көркөм окулуп, обондуу ырлар ырдалып , скрипкада обондор сыбызгып , кыздардын аткаруусунда бийлер тартууланды.Улутубуздун сыймыгы болгон ак калпагыбыз башыбыздан тушпой жүрө берсин! Элибизде тынчтык болсун!

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх