«Илим жана билим берүү: проблемалар жана преспективалар»
илимий-практикалык конференция

Бүгүн Талас мамлекеттик университетинин студенттери менен жаш окумуштуулары В.М.Шукшин атындагы Алтай мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университети тарабынан онлайн форматта өткөрүлгөн «Илим жана билим берүү: проблемалар жана преспективалар (Наука и образование: проблемы и перспективы)» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына активдүү катышышты. ТалМУнун студенттери менен жаш окумуштуулары тарабынан 31 илимий баяндама окулуп, илим-билим багыттары боюнча актуалдуу проблемалары көтөрүлдү. Ошондой эле конференцияга Россиянын, Монголиянын жогорку окуу жайларынын студенттери жана жаш окумуштуулары да катышып, илимий тажрыйба алмашуу жүрдү.

Прокрутить вверх